Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Колвил: Каддафинин өлүмү териштирилүүгө тийиш


БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин өлүмү териштирилүүгө тийиш деп билдирди. Жогорку комиссардын басма сөз катчысы Руперт Колвилдин айтымында, Каддафинин адегенде туткундалып, кийин өлүп жатканы тартылган тасмалар “өтө тынчсыздандырат”.

Ливиянын Улуттук утурумдук кеңеши экс-президент анын колдоочулары менен жаңы өкмөттүн тарапкерлери ортосунда ок атышуу тутанганда набыт болгонун маалымдаган. Кеңештин ырастоосунда, Каддафини өлтүрүү тууралуу буйрук берилген эмес. Анын сөөгү кайсы жерге коюлары чечиле элек.

Өлкөнү 42 жыл башкарган полковниктин өлүмү жөнүндө белгилүү болгондон кийин Ливиянын булуң-бурчунда майрамдык маанай өкүм сүрүп турду. Көпчүлүк лидерлер Каддафинин өлтүрүлүшүн кубаттап, "Ливия эли эми демократиялык реформаларды ишке ашыруунун үстүнөн иштөөгө тийиш" деп белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG