Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Атамбаевдин штабы сабырдуулукка чакырды


Алмазбек Атамбаевдин штабы шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларын сабырдуулукка жана үгүт иштерин жүргүзүүдө аша чаппоого чакырган кайрылуу таратты. Мындай маалыматты штабдын басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Кайрылуусунда штаб Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды жөнөкөй деп атоого мүмкүн эместигин белгилеп, жарандарды чагымчыл аракеттерден алыс болууга, талапкерлерди мыйзам талаптарын кыйшаюусуз сактоого үндөгөн.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 19 талапкер ат салышууда. Буга чейин бир катар талапкерлердин үгүт материалдарына залака келтирилип, талапкерлердин айрым өкүлдөрүнө ыдык көрсөтүү аракеттери катталганы, кээ бир талапкерлер үгүт маалында көкүтүүчү билдирүүлөрдү жасап жаткандыгы тууралуу кабарлар тараган. (KKs)

XS
SM
MD
LG