Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Бюллетендерди аймактарга жеткирүү иштери бүтүп калды


Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Аргынбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бюллетендерди Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүү иши дээрлик аяктады. Шайлоочулардын толук тизмеси белгилүү болгондон кийин айрым аймактарга кошумча бюллетендер жеткирилиши мүмкүн.

Буга чейин президенттик шайлоо үчүн 2 миллион 800 миңден ашуун шайлоо бюллетени даярдалары кабарланган. Бюллетендердин узундугу 34 сантиметр болуп, анда 23 талапкердин ысымы жазылган. Төрт талапкер бюллетендердин формасы бекитилгенден кийин жарыштан баш тартышкандыктан, эми алардын ысымдарын жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү калем менен чийип чыгышмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG