Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Табигый кырсыктардан жабыркаган 14 мектеп оңдоло элек


Кыргызстанда акыркы төрт жылдын ичинде болуп өткөн жаратылыш кырсыктарынан улам жараксыз абалга келген 14 мектеп алигиче калыбына келе элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрайымы Жылдызкан Жолдошева билдирди. Анын айтымында, жабыркаган мектептердин көпчүлүгү түштүк аймакта жайгашкан:

“14 мектептин окуучулары чатырларда окуп келишкен. Биз Билим берүү министрлигине тапшырма берип, алар жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, окуучуларды бош турган имараттарга которуп жатышат”,-деди Жолдошева.

Маалыматка ылайык, бул мектептерди кайрадан оңдоп чыгуу үчүн 380 миллион сомдон ашуун каражат талап кылынууда. Жакында бул маселе парламент кароосуна коюлмакчы.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги ушул жайда болуп өткөн жер титирөөдөн соң Баткен облусунда төрт мектеп жараксыз абалга келип, окуучулар чатырда окуп жатканын кабарлаган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG