Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Азербайжан менен Словения кайрадан ат салышат


Азербайжан менен Словения БУУнун Коопсуздук кеңешине кирүү үчүн кайрадан ат салышат. Кечээ Башкы ассамблеяда тогуз ирет өткөн добуш берүүдө бул эки өлкөнүн бири да уюмга мүчө 193 мамлекеттин үчтөн экисинин, же талап кылынган 129 добушту ала албады. Акыркы айлампада Азербайжанды 112, Словенияны 77 мамлекет колдоду. Добуш берүү эми дүйшөмбү күнү улантылат.

Мунун алдында кечээ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө алдыдагы эки жылга Пакистан, Марокко, Гватемала, Того шайланышты. “Азаттык” буга чейин кабарлагандай, шайлоого Кыргызстан да катышып, Азия өлкөлөр тобу үчүн бөлүнгөн бир орун үчүн күрөштө Пакистанга уттуруп койду. Алгачкы айлампада эле Пакистан 129 добуш топтоп, Кыргызстан 55 добуш алды.

БУУнун глобалдык коопсуздук маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуучу Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат. Ага туруктуу мүчө Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ чечимдерге вето салуу укугуна ээ. Туруктуу эмес мүчөлөр үчүн бөлүнгөн он орундун ээлери ротациялык жол менен жаңыланып турат.

XS
SM
MD
LG