Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Чүйдүн райондоруна шайлоо бюллетендери жеткирилди


Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондоруна шайлоо бюллетендери жеткирилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Буга чейин бюллетендер Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарына жана Ош шаарына жеткирилген.

Буга чейин президенттик шайлоо үчүн 2 миллион 800 миңден ашуун шайлоо бюллетени даярдалары кабарланган. 30-октябрга белгиленген президентитк шайлоого карата добуш берүү бюллетендери “Учкун” басмаканасында басылды.Бюллетендердин узундугу 34 сантиметр болуп, анда 23 талапкердин ысымы жазылган. Төрт талапкер бюллетендердин формасы бекитилгенден кийин жарыштан баш тартышкандыктан, эми алардын ысымдарын жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү калем менен чийип чыгышмакчы. (ЕК)

XS
SM
MD
LG