Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүүдө


30-октябрда өтө турган президенттик шайлоого карата Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык добуш берүү күнү чет өлкөлөргө чыгып кетмп жаткандыгына байланыштуу жашаган жеринде боло албагандар эртелеп добуш берүүгө укуктуу. Эртелеп добуш бергендердин шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан шайлоо күнү - 30-октябрда бююлетендерди таштоочу үкөкчөгө салынат.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 21-29-октябрь күндөрү жүрөт. Кыргызстанда президенттик шайлоого 19 талапкер ат салышууда. (ЕК)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG