Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Ливия Муаммар Каддафиден азаттыгын майрамдап жатат


Ливия жекешмби күнү Каддафиден бошотулганын ырасмий жарыялады. Улуттук утурумдук кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалил жана башка жетекчилер катышкан салтанат Куранды окуу, улуттук гимнди ырдоо менен башталды. Жалил шариат өлкө мыйзамынын “негизги булагы” болорун, жаңы банктар сүт акысы жок ислам банк системасына ылайык иштээрин жана Ливия бардык эл аралык келишимдерди аткарарын билдирди.
Жетекчилик Муаммар Каддафиге каршы сегиз айлык согушта курман болгон миңдеген адамдарды да эскерди.
АКШ президенти Барак Обама Ливиянын боштондугун “үмүт-убадалардын жаңы доору” деп, ливиялыктарды “улуттук элдешүүгө” үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG