Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

БУУ Кыргызстан боюнча жаңы стратегиялык планын жарыялады


Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан боюнча жаңы стратегиялык планын иштеп чыкты. Ал 2012–2016-жылдарда ишке ашат. Негизги идеясы - “Туруктуу өнүгүү үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк”. Бул тууралуу бугүн БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Максат - Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын биримдикте жана ынтымакта чогуу жашоосун камсыз кылуудагы биргелешкен жетишкендиктерди сактоо жана бекемдөө. Бул пландын алкагында БУУга кирген 17 уюм, фонд жана комиссия Кыргызстандын өнүгүү маселелерин чечүүгө грант катарында 186 млн. долларын жумшоого убада бершити.

Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 2-мартында БУУнун мүчөсү болуп, азыр анын туруктуу өнүгүү боюнча комиссиясынын мүчөсү жана БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин башчысынын орун басары болуп турат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG