Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Кыргызстан Түркияга көңүл айтууда


Кыргызстан президенти Роза Отунбаева Түркия президенти Абдуллах Гүлгө Түркияда чоң жоготууларга алып келген катуу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айткан телеграмма жөнөттү. Анда "Бул трагедиялуу күндөрдө кыргызстандыктар боордош түрк эли менен бирге кайгырып, азасын бөлүшөт", - деп айтылат. Ушундай эле көңүл айтууну Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын төрагасы Жемил Чичекке Кыргыз парламентинин төрагасы Акматбек Келдибеков, Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоганга Кыргыз өкмөтүн жетектеп турган Өмүрбек Бабанов да жиберишти. Бабанов жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан колунан келген жардамын берүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Эржиш шаарында түрк жараны болгон кыргыздардан үчөө набыт болду. Жер титирөөдөн жапа чеккен кыргызстандыктар тууралуу маалымат азырынча жок.

Кечээ түштөн кийин Түркиянын чыгышында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө кеминде 227 адамдын өмүрүн алып кеткени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG