Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Бишкекте журналист Алишер Саиповду эскеришти


Кыргыз медиа коомчулугунун өлкүлдөрү Бишкектеги Геннадий Павлюктун эстелигинин алдында 4 жыл мурун белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саиповду эскеришти.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Алишер Саиповдун иши боюнча иликтөө-тергөө иштери кайрадан башталарын "Азаттыкка" билдирди.

Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында Ошто белгисиз бирөөлөрдүн огунан көз жумган. Ушул күнгө чейин чейин кылмышка күнөөлүүлөр так аныктала элек. 2010-жылдын башында Абдугафар Расулов деген жаран журналистти өлтүргөн деп айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган.

Алишердин атасы Авас Саипов соттун чечимине макул эместигин билдирип, тергөө иштерин кайра баштоону өтүнүп Жогорку Сотко доо арыз жазган.

Өткөн аптада Кыргызстандын медиа, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен журналисттер өлкө жетекчилигине кайрылып, 24-октябрды Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн күрөштүн күнү деп жарыялону сунуштаган. Кесиптик иши үчүн көз жумган А.Саипов менен Г.Павлюкка жана бийликтин катуу запкысын көргөн, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Сыргак Абдалдаевге "Эрдик" медалын тапшыруу керектиги айтылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG