Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:32

Нарында шайлоо коопсуздугун 230 милиционер камсыздайт


Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Махабат Жумаевдин билдиришинче, облуска 159 миң шайлоо бюллетени келип, учурда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Нарын облустук медиа борбору маалымдайт. Облустагы 165 шайлоо участогунда ички иштер органдарынын 230 кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 635 мүчөсү коомдук коопсуздукту камсыз кылышат. 25-октябрдан тарта күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштей башташат. Президенттик шайлоого 5 күн калды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG