Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кургак учук боюнча абал жеңилдеп калганы айтылууда


Кыргызстанда кургак учук боюнча абал бир кыйла жеңилдеп калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчи орун басары Мырзакан Иманалиев билдирди. Анын айтымында, ЮСАИД баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүү багытындагы жаңы программаны ишке киргизүүгө камданууда. Программа ишке ашса кургак учукту дарылай турган кымбат баалуу дарыларды алып келүү кыйла жеңил болуп калат. Расмий маалыматтар боюнча, соңку 15 жылдын ичинде кургак учукка чалдыккан адамдардын саны жылына 8 миндин тегерегинде катталып келсе, азыр 5,5 миңге жакын адам бул оору менен катталууда. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG