Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Ош шаар бийлиги шайлоо алдындагы кырдаалды талкуулады


Бүгүн чогулган Ош шаар бийлигинин жыйынында коопсуздук кызматтары шайлоо алдындагы кырдаалды кооптуу деп баалады. Бул тууралуу кабарчыбыз Эрнист Нурматов билдирди. Күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча, "диний-экстремисттик, террористтик жана реваншисттик элементтер чагымчыл аракеттерин активдештиришти". Мындан тышкары, "шайлоодон өтпөй калгандар элди бөлүп, саясый абалды өзгөртүүгө аракет кылышат деген маалыматтар бар". Шаар башчысы чыр-чатактар административдик ресурсту колдонуудан келип чыгат деп, шайлоодо мыйзам бузгандарды таап, жоопко тартууга күч органдарын чакырды. Ал эми шаар тургундары бийликтин айткандары элди ашыкча дүрбөтүп жатканын айтышууда. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. 19 талапкер ат салышууда. (ErN/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG