Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Отунбаева: Шайлоо талапкерлердин укуктарын сактоо менен өтүп жатат


Шайлоо алдындагы кампания олуттуу кемчиликтерсиз, талапкерлердин укуктарын сактоо менен өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Роза Отунбаева Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель менен жолугушуусунда айтты.

Жолугушуу Бишкекте өттү. Алдыдагы президенттик шайлоо маселеси талкууланды.

“Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, укуктук тартиптин жана туруктуулуктун сакталышын камсыздоо үчүн бийлик тарабынан бардык чаралар көрүлөт” - деди Роза Отунбаева.

Пьер Морель шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүнө берилген бааны туура деп эсептей тургандыгын айтып, былтыркы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгүдөй эле шайлоонун жыйынтыктарын, анын ичинде канча тур менен өтө тургандыгын божомолдоо кыйын экендигин белгиледи.

Бул тууралуу мaалымат президенттин басма сөз кызматынан алынды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG