Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Түркияда жер титирөөдө вандык төрт кыргыз каза тапты


Зилзаланын чордону Эржич шаарчасында түркиялык төрт кыргыз набыт кеткен. Бул тууралуу коңшулаш Улуу-Памирдин айыл башчысы Касымбек Варол Азаттыкка билдирди.

Түркиянын чыгышындагы Ван аймагындагы кырсыктын кесепетинде жалпы жонунан 264 кишинин набыт болгонун өлкөнүн ички иштер министри Наим Сахин билдирди. Жараат алгандар 1300 деп айтылууда.

7.2 баллдык зилзала кечээ түштөн кийин орун алып, көптөгөн үйлөр кыйрап калды. Куткаруу иштери уланууда. НАТОдон, АКШ, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн жардам сунушу түшүп жатат. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган зарыл болсо, жардам суралаарын мындайча билдирди:

Түркия зарыл болсо башка өлкөлөрдөн жардам сурайт. Учурда кырсык аймагында Азербайжандан, Ирандан жана Болгариядан куткаруучулар иштеп жатат.

Кыргызстан президенти Роза Отунбаева жана убактылуу өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Түркия президенти Абдуллах Гүлгө көңүл айткан телеграмма жөнөттү.

Жер титирөөдөн жапа чеккен Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат азырынча жок. 1999-жылы Түркиянын түндүк-батышындагы катуу зилзаладан 20 миңдей киши набыт болгон. JCH

XS
SM
MD
LG