Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

АКШ Сириядагы элчисин чыгарып кетти


Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти коркунуч келип жаткандыгы такталгандан кийин элчи Роберт Форд өлкөдөн чыгарылгандыгын билдирди. Президент Башар ал-Ассаддын бийлигине каршы элдик толкундоолордун мезгилинде Форд Сириянын өкмөтүн демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган демонстранттарга каршы күч колдонгонун катуу сындап келген. Ассаддын колдоочулары аны өлкөнүн ички иштерине кийлигишет деп айыпташкан. БУУнун эсебинде, Сирияда март айынан берки толкундоолордо үч миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG