Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Азербайжан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө


Азербайжан биринчи жолу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланды. Азербайжан үчүн БУУнун 193 мүчөсүнүн 155и добуш берди. Анын алдында атаандашы Словения жарыштан чыкты. Чыгыш Европа үчүн берилген бир орун үчүн Азербайжан, Словения, Венгрия ортосундагы күрөш 16 айлампага созулду. Словен тышкы иштер министри Самуэл Збогар анын өлкөсү добуш берүүгө канааттанбагынын билдирди.

Ошентип Азербайжан, Пакистан, Марокко, Гватемала, Того 15 мүчөлүү Коопсуздук Кеңешине январдан тарта эки жылга мүчө болушат. Кыргызстан 21-октябрдагы колго салууда Пакистандан аз добуш алып, мүчөлүккө өтпөй калган.

Нью-Йоркто иштеген Батыш дипломаттарынын сөзүнчө, Азербайжан келерки жылы Сирия же Иранга каршы санкция киргизүү боюнча АКШ жана Евробиримдиктин аракетин колдобой койушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG