Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясы келди


Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) байкоочулары келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен билдиришти. Миссиянын курамында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын, Европарламенттин жана Европа биримдигинин парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү бар.

ЕККУнун 14 эксперттен турган тобу мурдараак ишке киришти. Алардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жургүзүү үчүн 28 адам келген. Ал эми кыска мөөнөттө иштеп кете турган байкоочулардын саны 350 адам. Алар добуш берүү күнү гана жер-жерлерди кыдырып чыгышат.

ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча 2 баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин эл аралык байкоочулар жыйынтык отчетун тартуулап, өз сунуштарын жана кеңештерин айтат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Мамлекет башчысы болууну каалагандардын саны 19 адам. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG