Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Нарында “Кумбел LTD” компаниясына нааразылыктар айтылууда


“Кумбел LTD” компаниясы жергиликтүү эл койгон талаптарды аткара элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Куттубек Исаков билдирди. Маалыматка ылайык, алтын казып иштеткен “Кумбел LTD” компаниясы жергиликтүү тургундар ичкен сууга жана картөшкө айдалган талааларга зыян келтирген. Ошол себептен эл анын техникасы август айынын башында тартып алган. Эки тараптуу келишим түзүү менен компания техникасын чыгарып кеткен. Талаптарды 1-декабрга чейин аткарып бүтмөк, бирок ушул күнгө чейин иштер баштала элек. Элдин талабы – компаниянын лицензиясын жокко чыгартуу, рекультивация жасатуу жана зыян алып келген чыгымдарды төлөтүү болгон.

Жерге-Тал айылына тийиштүү жерлерде иштеп келген “РОКИЗОЛ” компаниясынын техникасы дагы учурда элде. (ErB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG