Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Президент БШКны эл аралык байкоочулар менен тыгыз иштешүүгө чакырды


Президент БШКны эл аралык байкоочулар менен тыгыз кызматташып, алардын кеп-кеңештерине көнүл бурууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева бүгүн Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушуусунда айтты.

Президенттин пикиринде, эл арасында административдик ресурс тууралуу калыптанып калган терс пикирди өзгөртүүгө убакыт талап кылынат. Соңку 20 жыл ичинде шайлоолордо административдик ресурстун колдонулушу эл арасында шайлоого ишенбөөчүлүк пикирди жаратып келгени айтылды. "Былтыр биз таза парламенттик шайлоо өткөрдүк. Ушинтип гана элдин бийликке болгон ишенимин кайтарса болот", - деди Роза Отунбаева.

Жолугушууда шайлоого карата даярдык маселеси талкууланды. Абдраимовдун айтымында, даярдык мурда бекитилген календарлык планга ылайык жүрүп жатат.

Шайлоого 4 күн калды. Соңку маалыматтар боюнча, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин 601 өкүлү БШКда эл аралык байкоочу катары катталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG