Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Лейлекте бүгүн Исхак Раззаковдун туулган күнү белгиленди


Бүгүн коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулганына 101 жыл толгонуна байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунда мааракелик иш-чаралар өттү. Ушул эле күнү райондун борбору Исфана шаарында Исхак Раззаковдун ремонттолгон музейинин ачылышы болду.

Андан сырткары, И.Раззаков жана аны менен балдар үйүндө бирге тарбияланган өзбекстандык көрүнүктүү окумуштуу-илимпоз Атакузи Азизовдун “Эки достун насааты” аттуу 300 нускадан турган китепчесинин бетачаары да өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук “Ата-Журт” гезитинин редактору Абдилаат Дооров кабарлады. Анын айтымында, китепченин 200 нускасы кыргыз тилинде, калган 100 нускасы өзбек тилинде жарык көргөн.

Исхак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. Ал 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG