Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Бишкекте Саипов менен Павлюкту эскеришти


Бүгүн Бишкекте маркум журналисттер Алишер Саиповду жана Геннадий Павлюкту эскерүү иш-чарасы өттү. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ага журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер катышышты.

Парламент Кыргызстанда Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнүн белгилөө боюнча өз позициясын билдириши керектиги айтылды. 24-октябрды Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнү деп жарыялоо туурасында демилгени мамлекет башчысы Роза Отунбаева колдой турганын президенттин басма сөз кызматынан кечээ маалымдашкан.

Кыргызстандын бир катар журналисттик жана коомдук уюмдары бийликке ачык кайрылуу жолдоп, журналисттердин коопсуздугу, аларга болгон кол салуулардын бети ачылбай жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Ошондой эле кайрылууда журналист Саиповдун өлтүрүлгөн күнү – 24-октябрды Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү күнү деп жарыялоо демилгеси айтылган. 2007-жылы Ошто Саиповду өлтүргөндөр кармала элек. 2009-жылы Павлюкту өлтүргөн үч адамга Алматыда сот өкүмү чыкан. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG