Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Шайлоо: көңүл назарында коопсуздук жагдайы


Ички иштер министрлигинин өздүк курамы жана элдик кошуундардын өкүлдөрү шайлоого даярдыгын көрсөтүп, жүрүшкө чыгышты.
Ички иштер министрлигинин өздүк курамы жана элдик кошуундардын өкүлдөрү шайлоого даярдыгын көрсөтүп, жүрүшкө чыгышты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо мезгилинде жана андан кийин деструктивдүү күчтөрдүн аракетине жол берилбей турганын 29-октябрда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.

Ал арада үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча төрт киши кармалганы кабарланды. Шайлоого беш күн калганда дагы бир талапкер өз ыктыяры менен жарыштан чыкканы маалым болду.

ИИМ: Кырдаалды курчуткандар жоопко тартылат

29-октябрда Бишкектеги борбордук аянтта Ички иштер министрлигинин өздүк курамы жана элдик кошуундардын өкүлдөрү шайлоого даярдыгын көрсөтүп, жүрүшкө чыгышты.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Кыргызстанда тартип коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлап, шайлоо мезгилинде жана андан кийин кырдаалды курчутууну каалаган күчтөр жоопко тартыларын эскертти:

- Бизде көнүмүш болуп калбадыбы, шайлоодон кийин айрымдар митинг өткөрүшөт. Биз ага деле даярбыз. Канчалык митинг өткөрсө да анын уюштуруучусу жооптуу болот. Биз ошондой мыйзамдарды Жогорку Кеңеште кабыл алдык. Митингди өткөрүп коюп, милиция өзү жооп берсин деген киши жаңылат.

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдразак Дунаев аймакта коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч көрүнгөнү менен абал жөнөкөй эместигин, шайлоону утурлай диний экстремисттик, террористтик жана реваншисттик күчтөр жанданышы мүмкүндүгүн билдирген.

Шайлоо алдында коомдук тартипти камсыз кылууга өлкө боюнча 6,5 миң милиция кызматкери жана элдик кошуундардын 14 миңден ашуун өкүлү катышаары маалым болууда.

Коопсуздук чаралар көрүлгөнү айтылганы менен жер-жерлерде дале болсо тынчсыздануу бар экендигин укук коргоочулар белгилешүүдө. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова айрым аймактарга улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө кысым жасалганын, натыйжада калктын арасында чыңалуу байкалганын билдирүүдө:

- Жер-жерлерде кысым, басымдар болуп жатканы менен тартип коргоо органдарына арыз аябай аз түшүп жатат. Мындай жагдай тартип коргоо органдарына ишеним аз болгондуктан түзүлүп жатат.

Үгүт маалында 27 арыз түштү

Ал арада үгүт иштеринде мыйзам бузуулар дале уланып жатканы кабарланууда. 25-октябрда Кубатбек Байболовдун Таластын Кара-Буура районундагы штабынын жетекчисин белгисиз адамдар коркутканы маалым болду. Бул маалыматты тартип коргоо органдары тастыктай элек.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 12 кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигине 29 факт боюнча кайрылуу түштү. 12 факт боюнча кылмыш иши козголду, 4 адам кармалды, үгүт материалдарга зыян келтирүү беренелери боюнча.

Ал арада ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу 4-октябрдан 17-октябрга чейинки байкоолорунун жыйынтыгын жарыялады. Анда шайлоо өнөктүгү, үгүт иштери жигердүү жүргүзүлбөй, элет аймактарына маалымат толук жетпей жатканы айтылган.

Мындан тышкары баяндамада айрыкча этникалык өзбектер жыш жашаган түштүк аймактарында, улуттук азчылык өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүндөгү иш-аракеттерге катышуусу өтө чектелүү болуп жатканы белгиленген.

130 миң кошумча бюллетен даярдалууда

Шайлоого саналуу күндөр калганда Боршайком тизмелерди тактоо, кошумча бюллетендерди даярдоо менен алек болууда. Ушул тапта толук тактала элек тизме боюнча 2 миллион 870 миллион бюллетен басылып чыгып, жер-жерлерге жөнөтүлдү.

БШК төрага орун басары Гүлнара Журабаева азырынча тизмелер толук такталбагандыктан кошумча бюллетендерди даярдоо иши маселе жаратып жатканын кабарлады:

- Бизде шайлоочулардын тизмеси азырынча 3 миллиондун тегерегинде болууда. Бирок биз көзү өтүп кеткендерди, бир эле учурда эки тизмеде болуп калган шайлоочуларды тизмеден толук чыгарып бүтө элекпиз. Учурда тизме толукталып, иштелип жатат.

Мыйзамга ылайык, биз 27-октябрга чейин тизмелерди тактап чыгышыбыз керек. Бирок бюллетендерди эбак эле басып бүтүшүбүз керек эле. Мындан улам биз кыйын абалда турабыз. Тизме толук даяр болбосо да, бюллетендерди даярдоо көп убакытты алгандыктан кошумча бюллетендерди чыгара берүү чечимин кабыл алдык. Эгер жаңы тизме белгилүү болгондон кийин бюллетендер ашып калса, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда аларды жок кылабыз.


Жарыштан дагы бир талапкер баш тартты

Бүгүн дагы бир талапкер Алмамбет Матубраимов президенттик жарыштан өз ыктыяры менен баш тартканын “Азаттыкка” билдирди. Бирок анын арызы азырынча БШКга түшө элек.

Талапкерлердин орто жолдо жарыштан чыгышы да Боршайкомго кошумча түйшүктөрдү жаратууда. Буга чейин маалым болгондой, 25 миңдей жергиликтүү участкалык комиссиялары жарыштан чыккан талапкерлердин ысымдарын шайлоо бюллетендеринен чийип чыгышмакчы. Бул жараяндын канчалык так жана ачык өтөөрү да жарандык уюмдарды тынчсыздандырууда.

Ал арада үгүт иштеринин жүрүшүндө президенттикке талапкерлер жалпысынан 129 миллион сомдон ашык каражатты үгүт иштерине сарптаганы маалым болду.

Үгүткө эң көп акча сарптагандардын алгачкы сабында мурдагыдай эле Алмазбек Атамбаев келе жатат. Ал 39 миллион 907 миң сомдон ашык каражат короткон.

Адахан Мадумаров 22 миллион 993 миң сом сарптаган. Үчүнчү сапта Кубатбек Байболов экен. Ал 16 миллион 270 миң сомдон ашык акчаны үгүт иштерине жумшаган.

XS
SM
MD
LG