Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Түркия: уранды алдынан 2 жаштагы кыз аман табылды


Жекшемби күнкү жер титирөөдөн улам уранды алдында калгандарды издеп жаткан куткаруучулар оболу эки жашар кыздын энесин, өзүн, андан кийин чоң энесин аман алып чыгышты. Бул аралыкта зилзала курмандыктарынын саны 430дан ашты.

Түркиянын чукул кырдаалдар боюнча мекемесинин маалыматына караганда, Ван провинциясында жекшемби күнү күчү 7,2 баллга жеткен зилзаладан 1300дөй киши жаракат алды, 2260 имарат кыйрады.

Куткаруучулардын айтымында, жер титирөөдөн бери бир жарым сутка өткөндүктөн эми аман калгандарды табууга үмүт аз.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын кечээги билдирүүсүндө кырсыктын кесепеттери менен күрөшүүгө Түркиянын өз мүмкүнчүлүгү жетиштүү жана ал эл аралык жардамга муктаж эместиги айтылган.

XS
SM
MD
LG