Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Өкмөт 46 өлкөгө визасыз каттамга уруксат берүүнү колдоду


Кыргыз өкмөтү 25-октябрдагы жыйынында 46 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз каттамга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулады. Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев визасыз каттам өлкөнүн туристтик тармагы үчүн пайдалуу болоорун айтты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов мыйзам кабыл алынса өлкө казнасына 60-70 миллиондой сом түшпөй калаарын, бирок келечекте мындан да көп каражат келээрин айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, жыйын соңунда бул мыйзам долбоорду Юстиция министрлигинин сунуштарын эске алуу менен колдоо тууралуу чечим кабыл алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG