Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Коогадан жабыркаган шаарларда 34 көп кабаттуу үй курулуп жатат


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, ушу тапта 11 үй толук курулуп бүтүп, колдонууга берилди. Былтыркы июнь коогасынан зыян тарткан шаарларды калыбына келтирүү үчүн берилген 100 миллион доллардын 65 миллиондон ашыгы коротулду.

Сатыбалдиевдин маалыматына ылайык, жеке үйлөрдү калыбына келтирүүгө алгач Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөткөн. Экинчи этабында Азия Өнүктүрүү Банкы каражат бөлдү. Ошондой эле түрк жана кытай өкмөттөрү да кол кабыш кылып жатат. Эки миңден ашуун ишкер 50 миң сомдон кайтарымсыз каражат алган.

25-октябрда Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитети Ошто көчмө жыйын куруп, аталган мамдирекциянын ишин жана келээрки жылга бөлүнчү каражатка байланыштуу маселелерди талкуулады. (EBM)

XS
SM
MD
LG