Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Йемен лидери Салех бийликти өткөрүп берерин ырастады


Йемен президенти Али Абдылла Салех бийликтен кетүүгө даяр экенин кайрадан тастыктады. Салех бул жөнүндө АКШнын Йемендеги элчиси менен болгон кездешүүдө айтканын Мамдепартамент кабарлады. Февралдан бери Йеменде токтобой жаткан нааразылык чыгууларынын катышуучулары Салехтин бийликтен кетүүсүн талап кылышууда.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуланд айым президент Салехтин сөзүн оң баалап, "сөздү иш менен далилдөө керек" деди:

- Биз чыныныда эле Салехтин мурдагы убадаларын тастыктаганын, ошондой эле өлкөдөгү зобун-зордуктар токтотулуш керек экенин түшүнүп айткан сөзүн жакшы кадам деп ойлойбуз. Эми бул сөздөрдү иш жүзүндө далилдөө гана керек.

Салех мурда да президенттиктен кетерин айтып, бирок так убактысын белгилеген эмес. БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Кошмо Штаттар Салехти бийликти тезинен өткөрүп берүүгө чакырган.

Шейшемби күнү Йемендеги көчө жүрүштөрү учурундагы кагылыштарда жети демонстрант набыт болгону маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG