Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Жалал-Абад облусунда мектептер көмүр менен 63 пайыз камсыздалды


Жалал-Абад облусунда мектептер көмүр менен 63 пайыз камсыздалды. Облустук бийликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, облус мектептерине зарыл болгон 7 389 тонна көмүрдүн 63 пайызы 20-октябрга дейре ташылып бүткөн. Облустук жыйында райондор менен айыл өкмөттөргө 1-ноябрга дейре көмүр менен мектептерди толук камсыздоо милдети жүктөлдү. Жалал-Абад шаарындагы мектептерге кыш ичинде керектелүүчү 535 тонна көмүрдүн 381 тоннасы жеткирилген.Борборлоштурулган жылытуу тармагы аркылуу жылытыла турган он мектептин буу казан жана башка шаймандары оңдолуп, сыноодон өткөнүн, дагы он мектеп электр тогу менен жылытылаарын шаардын билим берүү башкармасы Чырмаш Дооронов « Азаттыкка» билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG