Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:29

Шайлоочулардын тизмеси дагы 206 миң адамга өстү


Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 6 миң 231 адам болду. Буга чейин 2 миллион 800 миңдей шайлоочу бар экени айтылып келген. Тизмени тактоо, кошумча, өзгөртүүлөрдү киргизүү эртең, 27-октябрда аяктайт. Үймө-үй кыдырууда, шайлоочулардын өзүлөрүнөн келип түшкөн арыздардын негизинде мурда таптакыр тизмеге кирбеген 103 миң адам киргизилди. 19 миң адамдын көзү өтүп кеткендиктен, башка жакка көчүп кеткендиктен, алар тизмеден чыгарылды. Шайлоочулардын тизмеси негизинен Бишкекте жана Ошто өсүп жатканы айтылды. Мындай маалымат кабарчыбыз Кубат Касымбековдон алынды. Шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG