Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

БШК: Бир адам 11 жерде шайлоочу катары катталган учурлар бар


Шайлоочулардын тизмесин тактоо учурунда бир эле адамдын 11 жерде шайлоочу катары катталганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, жалпысынан 2 же андан көп шайлоо участогунда катталгандардын саны 3 870 адам болуп чыкты. Эмне себептен мындай мыйзам бузуулар болгонун БШК төрагасы так айта албасын билдирди. Бирок шайлоону бурмалоо аракети барбы же жокпу, аныктап бериш үчүн Башкы прокуратурага кайрылаарын айтты. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG