Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Тымызын тыңшоо мыйзамын талкуулап жатышат


Тымызын тыңшоо укугу мындан ары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлигинде гана болушу керек. Учурда мындай укуккка 9 структура ээ. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн Бишкекте талкууланды. Талкуулар дагы уланат. Бир айдан кийин парламенттин кароосуна жиберилет. Азыркы долбоордо адам укуктарынын бузулушуна, мисалы, жеке турмуштун купуялыгынын сакталбашына жол берген жагдайлар бар экени айтылды.

Бүгүн Бишкекте тымызын тыңшоого жол берген СОРМ же Оперативдик-издөө чараларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын системасын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоор талкууланды. Быйыл май айында тыңшоолорду мыйзам аркылуу жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Натыйжада атайын мыйзам долбоор даярдалган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG