Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Эл аралык байкоочулардын саны 600дөн ашты


Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочулардын саны бүгүнкү күнгө карата 601 адам. Бул тууралуу кабарчыбыз Кубат Касымбеков билдирет. Анын айтымында, БШК 35 уюмдун жана 51 чет мамлекеттин өкүлү болгон 601 эл аралык байкоочуну каттады. Каттоо бүгүн да уланат.

25-октябрда мамлекет башчысы Роза Отунбаева Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушуусунда БШКны эл аралык байкоочулар менен тыгыз кызматташып, алардын кеп-кеңештерине көнүл бурууга чакырды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) узак мөөнөттүү байкоочулары буга чейин эки баяндамасын чыгарды. Анын соңкусунда элет жерине маалымат толук жетпей жатканы жана этникалык өзбектер жыш жашаган аймактарда улуттук азчылык өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүндөгу иш-аракеттерге катышуусу өтө чектелүү болуп жаткандыгы белгиленген. (KKs/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG