Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Ооганстанда бүгүн кош жарлуудан 10 адам набыт болду


Окуя борбор шаар Кабулдан 40 чакырымдай түндүктөгү Парван вилоятында болгон. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, күйүүчү май толтурулган цистернага жардыргыч зат коюлган экен. Биринчи жарылуу анчалык чоң болгон эмес, бирок цистернадан ага баштаган майды жергиликтүү тургундар канистраларга толтура баштаганда экинчи катуу жарылуу болуп кетти. 10 адам өлүп, дагы 15 киши жаракат алганы, айрымдардын абалы оор экени айтылып жатат. Жардырууну ким жасаганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG