Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Казакстанда эгемендик күнүнө карата түрмөдөгү 16 миң адамга мунапыс берилет


Тийиштүү мыйзам долбоорун бүгүн казак парламентинин төмөнкү палатасы көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми ал жогорку палатада да жактырылса, президент Нурсултан Назарбаевге кол коюуга жиберилет.

Казакстандагы түрмөлөрдө 45 миң 800дөн ашуун адам кармалып турат. Убактылуу кармоочу жайларда дагы 6 миң 605 киши бар экенин өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Казакстандын Юстиция министринин орун басары Амирхан Аманбаевдин айтымында, мунапыс эң оболу беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылгандарга, жашы жете элек кылмышкерлерге, жаш балдары бар аялдарга жарыяланат.

Казакстанда көз карандысыздыктын 20 жылдыгы 16-декабрда белгиленет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG