Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

НАТО Ливиядагы миссиясы аяктаганын кийинчерээк жарыялайт


Ливияда миссиясын 31-октябрда аяктай турганын Түндүк атлантикалык альянсы бүгүнкү жыйынында айтаары күтүлүп жаткан. Бирок жыйын жума күнгө жылдырылды.

Ливия боюнча масилээттешүүгө Бириккен улуттар уюму жана Ливиянын жаңы бийлиги – Улуттук Өткөөл кеңеши – катышат.

Мамлекетте мурдагы бийликке каршы элдин нааразылыгы күчөгөндө жумурияттын элин мурдагы лидер Муаммар Каддафинин режиминен коргош үчүн 31-мартта НАТОнун аба күчтөрү Ливияга киришкен. Алар Каддафинин күчтөрүнө абадан сокку уруп жатышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG