Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Талапкерлер башка улуттарды көңүл сыртында калтырдыбы?


Оштук шайлоочулар былтыркы парламенттик шайлоо учурунда.
Оштук шайлоочулар былтыркы парламенттик шайлоо учурунда.

Кыргызстанда улуттук азчылыктар шайлоо өнөктүгүнө солгун тартылып жаткандыгы айтылууда.

Айрыкча түштүк аймактардагы өзбектер жыш жайгашкан райондордо шайлоого байланыштуу чочулоолор бар экендиги, талапкерлер да майда улуттарга аз көңүл буруп жаткандыгын белгиленүүдө.

ЕККУ: Улуттук азчылыктарга аз көңүл бурулууда

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун шайлоолорду байкоо миссиясы өз отчетунда, улуттук азчылыктар шайлоо өнөктүгүнө аз тартылып жаткандыгын белгилеген. Баяндамада түштүктөгү өзбек улутундагылар жыш жайгашкан маалелердин тургундары шайлоо жараяндарынан өздөрүн окчун кармап, ал жерлерде чочулоолор бар экендиги да айтылат.
Коомдук-саясий абал чындыгында эле абдан тынч, бирок ошол эле учурда Ош облусундагы өзбек маалелеринде шайлоочулар өздөрүнүн чочулоолорун айтып жатат.
Динара Ошурахунова


ЕККУнун иликтөөсүндө ошондой эле талапкерлердин улуттук азчылыктар жашаган аймактарга багытталган иш-аракеттери да сейрек экендиги, талапкерлер Өмүрбек Суваналиев менен Кубатбек Байболовдон башкалары өнөктүк материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде гана басып, өзбек тилинде чыгарышпагандыгы көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы өзбек тектүү укук коргоочу Нооманжан Карибжанов талапкерлер жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын, бирок алар аз экендигин билдирди.

- Алмазбек Атамбаев келип, шаарда үч-төрт жерге барды. Мындан тышкары, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев келди. Баардыгы тең эле келип жатат, бирок аз. Келип эле, кайра тез кетип калышууда. Мисалы, Суваналиевдин үгүт материалын көрдүм өзбек тилиндеги. Түстүү кылып 70 миң нускада Бишкектен чыгарышкан экен.

Ошондой эле ЕККУнун отчетунда БШК шайлоого байланышкан бардык маалыматтарды эки гана тилде чыгарганы, улуттук азчылыктардын тилинде маалыматтар болбогондугу белгиленген. Ал эми Боршайком шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилде жетиштүү чыгарылып жаткандыгын маалымдады.

Өзбек маалелеринде чочулоолор бар

Ош облусундагы өзбек маалелеринде чочулоолор бар экендигин шайлоого байкоо салып жаткан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы да өз баяндамасында көрсөткөн.

Аталган уюмдун төрайымы Динара Ошурахунова буларды белгиледи:

- Коомдук-саясий абал чындыгында эле абдан тынч, бирок ошол эле учурда Ош облусундагы өзбек маалелеринде шайлоочулар өздөрүнүн чочулоолорун айтып жатат. Ал жөнүндө укук коргоочулар буга чейин эле билдирген. Кандайдыр бир топтор жер-жерлерде түзүлүп алып, алардан “ким үчүн добуш бересиңер?”- деген сурамжылоолорду өткөрүп жаткандыгын айтып жатышат. Бул өзбек маалелеринде коркунуч жаратып жатат.

Ал эми Ош шаарындагы “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков улуттук азчылыктар шайлоонун тынч өтүшүн тилеп жаткандыгын айтууда.

- Өзбек улутундагы жаш лидерлер менен жолукканда алар эки нерсени айтып жатышат. Биринчиси - шайлоо тынч өтсө, экинчиси - интернационал президент шайланса деп.

Азчылыктардын кымбат добушу
Мен ар бир шайлоого калтырбай барам. Антпесе болбойт да, кимдир бирөө менин ордума мага жакпаган адамга добуш берип койсочу...
Жамила Ласан Ху

Айрым байкоочулар талапкерлердин ортосунда улуттук азчылыктардын добушу үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын белгилешүүдө. Маселен саясат таануучу Марс Сариев буларды белгиледи:

- Улуттук азчылыктар азыр Орусияны карап жатышат. Орусия кимди тандаса ошого добушун беришет. Бул жерде дагы бир учур өзбек жана башка диаспоралар талапкерлерди колдоого келгенде түндүк жакты карап турушат. Ушундай фактор дагы бар.

Ал эми Сары-Өзөн-Чүйдө да ондогон улуттардын өкүлдөрү жашайт. Чүй облусунун тургуну, дунган улутундагы Жамила Ласан Ху шайлоого байланыштуу мындай оюн билдирди.

- Мен ар бир шайлоого калтырбай барам. Добушумду берем. Бирок албетте дайыма эле мен ойлогондой боло бербейт. Ошентсе да шайлоодо добушумду берем. Антпесе болбойт да, кимдир бирөө менин ордума добушумду мага жакпаган адамга берип койсочу. Албетте, мындай нерсе мага жакпайт. Ошондуктан мен добушумду дайыма шайлоодо өзүм жактырган адамга берем.

Кыргызстанда 100дөн ашык улут жашаары, улуттук азчылыктар өлкө калкынын 34 пайызын түзөрү айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG