Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Шайлоочулардын саны өстү


БШКдагы тизме тактоо иштери, 2011-жылдын 17-октябры.
БШКдагы тизме тактоо иштери, 2011-жылдын 17-октябры.

26-октябрга карата Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 3 миллионго жеткени, 4 миңдей жаран экиден көп жерде тизмеге кирип алганы маалым болду.

Ал арада үгүт иштерин одоно бузду деген жүйөө менен алгачкы жолу бир гезиттин каттоосу жокко чыгарылды. Шайлоого көз салып турган эл аралык адистер Кыргызстандагы кырдаалга оң баасын беришүүдө.

Бир нече жолу тизмеге киргендер бар

Президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоочулардын саны көбөйүп, 3 миллион 6 миңден ашканын билдирди. Тизмени тактоо уланып жаткандыктан, эртеңкиге чейин бул сан же азайып, же көбөйүшү мүмкүн. Бул жолу 103 миңден ашык мурда кийин каттоодо жок адамдар тизмеге кошулуп, 19 миңдей көзү өтүп кеткен адам тизмеден чыгарылды.

БШК төрагасы билдиргендей, бир адам он бир жолу тизмеге кирген учурлар да катталды:

- Тизмеде жөн жүрбөгөндөр болуп жатат. Мына компьютер бат эле чыгарып коёт. Жалпы 3870 киши экиден көп жолу участокторго барып тизмеге кирип жатат. Бирөө он жолу турган, бирөө он бир жолу турган. Сегиз киши сегиз жолу турган. 11жолу каттоого турган бизде рекордсмен бар. Алар боюнча прокуратурага кайрылдык.

Ал арада үгүт эрежелерин одоно бузду деген жүйөө менен алгачкы жолу бир гезиттин каттоосу жокко чыгарылды. Боршайком мүчөлөрү “Саясат пресс” гезитинин соңку сандарында жарыяланган макалаларды эрежеге ылайык келбейт деп баалап, гезитке шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга тыюу салды. Буга чейин бул гезитке бир нече ирээт эскертүү берилгени белгилүү болду.

Деген менен гезит ээси Бакыт Аманбаев БШКнын бул чечимин негизсиз деп эсептеп, сотко кайрыла турганы ачыктады:

- Менин оюмча, бул аябай туура эмес чечим. Азыркы шайлоо учурунда административдик ресурстарды колдонуп жатканынын белгиси деп ойлойм. Себеби гезиттин акыркы сандарында жалаң гана Атамбаев жөнүндө эмес, бардык эле талапкерлер жөнүндө чындык маалыматтарды коомчулукка жеткиргенге аракет кылып жатканбыз. Атамбаев боюнча жанагындай бир макалалар чыкканы чындык. Бирок жеке анын адамдык сапатына асылган макалалар кеткен эмес. Ошондуктан бул туура эмес чечим болгондуктан, эртеңден баштап, БШКны сотко беребиз.

Доомат бар, далил жокпу?

Президенттик шайлоо алдында административдик ресурстун пайдаланууга байланыштуу түрдүү кептер айтылууда. Буга чейин сегиз талапкер чогулуп, административдик ресурска каршы күрөшөбүз деп меморандумга кол коюшкан.

Бул маселе боюнча талапкерлердин штабдары менен иш алып барып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун дооматтар көп болгону менен далилдер аз болуп жатканын ачыктады:

- Азыр телетаймаштарда, интервьюларында талапкерлердин көбү эле административдик ресурс колдонулуп жатат деп жатышат. Бирок пайдаланганы боюнча бир дагы факт көрсөтүлбөй жатат. Сөз болуп жатат. Эмне үчүн алар минтип айтып жатышат? Себеби, алар өтпөй калса, административдик ресурс колдонуп жатат деп өзүн акташ үчүн жасалып жаткансыйт.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо дүйнөлүк маалымат каражаттарында да талкууга алынууда. Бишкектеги Улуттук демократиялык институттун өкүлү Скотт Кирин "Америка добушу" үналгысына берген маегинде, Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү салыштырмалуу тынч өтүп жатканын, шайлоо алдында түндүк-түштүк маселеси көңүл борборунда турганы менен шайлоочулардын тирешүүсүнө алып келе турган жагдайлар байкалбаганын билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча, төрт күн калган шайлоого көз салабыз деп кеминде эле 35 уюм, 50дөн ашык мамлекеттен келген 725 эл аралык байкоочу каттоодон өткөнү белгилүү болду. Ошондой эле шайлоо бюллетендери дээрлик бардык аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлүп бүттү.

Тизме толук такталып бүтө элек болсо да, 130 миңдей кошумча тираж менен бюллетендер басылып чыкты. Бюллетендер шайлоого эки күн калганда жергиликтүү шайлоо комиссияларына жеткирилмекчи.

XS
SM
MD
LG