Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Ливиянын жаңы бийлиги НАТОну операцияларды улантууга чакырды


Мустафа Абдел Жалил БУУнун жыйынында "Ливия ыңкылабын" колдогон элдерге ыраазычылык билдирди, 20-сентябрь, 2011
Мустафа Абдел Жалил БУУнун жыйынында "Ливия ыңкылабын" колдогон элдерге ыраазычылык билдирди, 20-сентябрь, 2011
Ливиядагы Улуттук өткөөл кеңештин башчысы Мустафа Абдел Жалилдин айтымында, мурдагы лидер Муаммар Каддафинин тарапкерлери өлкөгө дале коркунуч туудуруп жатышат. Ошондуктан ал НАТОну бул мамлекеттеги миссиясын жыл аягына чейин улантууга чакырып, андан сырткары, Ливиянын чек арасын коргоодо “жардам беришин” сурады.

Андан мурдараак НАТО Ливиядагы миссиясы аяктаганын жарыялоону кийинкиге калтырган болчу. Ливияда миссиясын 31-октябрда аяктай турганын Түндүк атлантикалык альянсы бүгүнкү жыйынында айтмак. Бирок жыйын жума күнгө жылдырылды. Ливия боюнча масилээттешүүгө Бириккен улуттар уюму жана Ливиянын жаңы бийлиги – Улуттук Өткөөл кеңеши – да катышат.

Ливияда мурдагы бийликке каршы элдин нааразылыгы күчөгөндө жумурияттын элин мурдагы лидер Муаммар Каддафинин режиминен коргош үчүн 31-мартта НАТОнун аба күчтөрү Ливияга киришкен. Алар Каддафинин күчтөрүнө абадан сокку уруп жатышты.

20-октябрда Сирте шаарында Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин, Ливиянын жаңы бийлиги өлкөнү "мурдагы режимден бошотулду" деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG