Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:19

Араб лигасынын министрлери Ассад менен чын жүрөктөн сүйлөштү


Араб лигасынын министрлер тобу 26-октябрда Сириянын президенти Башар Ассад менен кездешти. Делегация башчысы Катардын премьер-министри, шейх Хамад ал-Тани сүйлөшүү “чын жүрөктөн жана ачык маанайда” өткөнүн, министрлер 30-октябрда кайра кездешерин билдирди.

Сүйлөшүүнүн максаты өкмөт менен оппозицияны элдештирүү экени мурда маалымдалган. Оппозиция Ассад президенттиктен кетмейин, эч кандай сүйлөшүүгө барбасын айтууда.

Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму Араб лигасынын миссиясына кайрылып, Сириядан өлкөгө көз карандысыз байкоочуларды киргизүүсүн талап кылууга чакырды.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даутоглу Сирияны “аскерлерин шаарлардан чыгарып, букараларына зулумдук кылууну токтотууга” көндүрүү үчүн ырасмий Анкара Араб лигасынын мүчөлөрү менен масилээттешип көрөрүн маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG