Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Сириядагы кагылыштарда дагы 13 киши набыт болду


Укук коргоочулар шаршемби күнкү Сириянын шаарларындагы тирешүүлөрдө 13 адам, анын ичинде тогуз аскер курман болгонун кабарлашты. Улуттар Уюмунун эсебинче, президент Башар Ассадка каршы чыгуулар башталгандан берки эрегиштерде армиянын колунан 3 миңдей адам өлгөн.

Ассадка каршы көтөрүлүштүн очогу Хомс шаарында жалпы элдик жумуш таштоодон улам ишканалар жабык, жумушчу-кызматчылар үйлөрүндө отурганы айтылууда. Дераа шаарында да анти-өкмөттүк акциялар жүрүүдө.

Сириядагы кырдаал жөнүндө Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе: "Бул азыркы режимди кыйратат. Бул сөзсүз болгонго жакын калды", - деди Француз радиосуна берген интервьюда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG