Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Түркия: Зилзаладан жабыркагандар сууктан коркууда


Түркиянын чыгышында жекшемби күнү болгон жер титирөөдөн жабыркаган миңдеген адамдар дагы бир суук түндү чатырларда өткөрүштү. Алардын көпчүлүгү үйлөрү жарактан чыккандыктан, тамдарына бара алышпайт. Чатырлар аз болууда деген сындар да айтылган. Кар түшсө суукта калабыз деп чочуйт Сукран Курт айым:

- Ахыбалыбыз оор. Биздин балдарыбыз бар, кар жаай баштаса, жашообуз дагы оорлойт. Ар бир адам, айрыкча, балдар ооруй баштайт. Бизде ыңгайлуу ажааткана-туалеттер жок. Таза жерлер жетишпейт. Биз үйдө жашагыбыз келет.

7,2 баллдык жер тербетүүдө 471 адам набыт болгону маалымдалды. Куткаруу иштери улантылууда. Бул Түркиядагы он жылдан узак убакыттан берки эң күчтүү зилзала болду.

XS
SM
MD
LG