Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Парламент кыйноолор мыйзамын карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда “Кыйноо жана башка ырайымсыз, адамгерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоонун түрлөрүнө бөгөт коюу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралат.

Кыргызстанда соңку убакта айрыкча убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор көбөйүп кеткени маалымдалган.

Бир катар депутаттар жакында эле Кыргызстанда кыйноолорго каршы улуттук борбор ачуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча, 2009-жылдын августтунан 2010-жылдын август айына чейин Кыргызстанда 186 кыйноо фактысы катталган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG