АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эркин жана таза шайлоо өткөрүүгө чакырат. Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан 30-октябрда демократиялык өзгөрүү жолунда дагы бир кадам басууга даярданып жаткандыгы айтылат. Буга байланыштуу АКШ элчилиги бардык катышуучуларга келе жаткан президенттик шайлоодо жоопкерчилик менен аракет жасоо чакырыктарына толугу менен кошулат.
"Бардык талапкерлер жана алардын жактоочулары шайлоо убагында Жүрүм-турум кодексин урматтоого жана аны карманууга милдеттүү. 2010-жылы орун алган парламенттик шайлоо чыныгы атаандаштык менен өткөнү кеңири белгиленген. Бул Кыргызстандын бийликти демократиялык процесс аркылуу тынч өткөрүп берүү жолунда тураарын айгинелейт. Шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий жетекчилери саясий реформаны алдыга жылдырган жана эл аралык стандартка жооп берген эркин жана таза шайлоо өткөрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө. (SJ/RK)