Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Таласта Жашы жеткендердин күнүн белгилешти


Талас шаардык паспорттук-визалык каттоо бөлүмү шаардын мэриясы менен биргеликте бүгүн Жашы жеткендердин күнүн белгилешти. Кабарчыбыз Мирбек Айтикеевдин маалымдашынча, 16 жашка чыккан 15 мыкты окуучуга жарандык паспорттор тапшырылды. Иш-чарага шаардагы мектеп окуучулары, алардын ата-энелери катышышты.

Уюштуруучулар жашы жеткендер сөзсүз паспорт алып, каттоого турушу керектигин айтып, аларды жарандык жоопкерчиликке үндөштү.

Талас шаардык паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Болот Бейшеналиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, жылда мындай иш-чаралар мектептерде, паспорттук бөлүмдөрдө өткөрүлүп келсе, быйыл биринчи жолу шаардык масштабда уюштурулду.

Расмий маалымат боюнча, быйыл Талас шаарында 500гө чукул бала 16га чыгып, паспорт алышат.(MbA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG