Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Жалал-Абадда шайлоо өнөктүгүнө байкоочулар көз салууда


Жалал-Абад шаардык-аймактык шайлоо комиссиясынын ишине “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы менен либерал жаштар, социал-демократтар партияларынын өкүлдөрү байкоо салууда. Мындай маалымат 27-октябрда аймактык шайлоокомдун жооптуу катчысы Майрамбек Адылбековдон алынды. Анын айтымында, 24-октябрда бир адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди.

Азыркы учурга шайлоочулардын тизмеси такталып, шаардагы добуш берүүчүлөрдүн саны 38 700 болуп калды, бирок, бул тизмелер Таластагы бир адам 11 жерге катталгандай окуя болбоосу үчүн БШК тарабынан текшерилет.

Шайлоо бюллетендерин, шайлоо комиссиясынын кеңсесин жана комиссия курамын жергиликтүү милиция кайтарууда. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG