Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

28-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
Октябрдын 28-нен 30-на чейин Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: жамгыр жаап, өрөөндүү райондордо карга айланат, тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Батыштан соккон шамал 15-20 м/с чейин катуулайт. Күндүз абанын температурасы өрөөндүү райондордо 1...6 нөлдөн жогоруга чейин төмөндөйт. Аба ырайынын мындай өзгөрүлүшү айыл-чарба өсүмдүктөрдүн өсүүсүн токтотот, кант кызылчасын жыйноодо тоскоол болот, автотранспорт, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарынын ишин кыйындатат.

Аба ырайы
28-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө карга айланат. Тоолордо кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 2...7,
Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3 градус, күндүз 6...11,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9.
Тоолордо түнкүсүн -11...-16 градус, ал эми күндүз -3...-8.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 4...6 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG