Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Мамытов: Дачалык айылда 7 миңдей адам мамлекеттин жардамына муктаж


Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортунун жанындагы мурдагы дачалардын ордунда пайда болгон айылда 7 миндей адам мамлекеттин жардамына муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, аэропорттун тегерегинде 9 дачалык участок бар. Аларда бир миңден ашык түтүн эл жашайт. Калкынын жалпы саны 7 миңдей адам. Каттоосу жок болгондуктан алар шайлоого катыша алышпайт, пенсия, жөлөкпул ала алышпайт. Балдарын мектепке орноштуруп, медициналык жардам алуу укугу жок жашап келишет. Өкмөт бир жыл мурда бул маселени чечип берем деген бойдон жооп жок дейт депутат. Бул жерде 1996-жылы мурдагы дачалык үйлөрдү сатып алгандар отурукташкан. Жергиликтүү бийлик ал жерде жашоо үчүн инфраструктура түзүлбөгөндүктөн каттоо болбой турганын айтып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG