Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Ишкерлер шайлоодогу коопсуздукка тынчсызданышууда


Кыргызстандагы ишкерлер президенттикке талапкерлерди шайлоо учурунда жана шайлоодон кийин өлкөдөгү туруктуулукту сактоого чакырышууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте ишкерлер тарабынан уюштурулган маалымат жыйында айтылды.

500дөн ашуун ишкананын жетекчилери өлкөдөгү коопсуздукка тынчсызданып жатканын билдиришкен. Бишкектин ишкерлер клубунун мүчөсү Азамат Акелеевдин айтымында, айрым талапкерлердин президенттик башкаруу системасына кайтуу ниети ишкерлер арасында тынчсызданууну жаратууда.

2005-, 2010-жылдардагы окуялардан ачуу сабак алган ишкерлер мындай абалда бири-бирине көмөк көрсөтүү максатында атайын координациялык кеңеш түзүшкөнүн билдиришти.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG