Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Сахаров сыйлыгы “Араб жазынын” активисттерине берилди


Бул тууралуу бүгүн Страсбургдан жарыяланды. Европарламенттин президенти Ержи Бузектин айтымында, сыйлык ыйгарылып жаткан беш лауреат өз өлкөлөрүндөгү өзгөрүүлөр үчүн күрөштүн символу:

- Быйылкы жеңүүчүлөр ар-намыс, демократия, адам укуктары үчүн күрөштүн символу болушту жана араб дүйнөсүндөгү тарыхый өзгөрүүлөрдүн авторлорунун бири.

Европарламенттин Сахаров сыйлыгынын быйылкы лауреаттары - Тунисте өзүн өзү өрттөп өлүп, элдик толкундоого түрткү берген Мохаммед Буазизи, египеттик активист Асмаа Макфуз, Муммар Каддафинин учурунда отуз жыл түрмөдө отурган ливиялык диссидент Ахмед ас-Сануси, сириялык активисттер Разан Зейтуне менен Али Фарзат.

Советтик физик жана диссидент Андрей Сахаровдун атынан коюлган, 50 миң евро өлчөмүндөгү сыйлык адам укуктары жана демократия үчүн күрөшкө олуттуу салым кошкондорго Европарламент тарабынан 1988-жылдан бери ыйгарылып келет. Буга чейинки лауреаттардын катарында Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Мандела, БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG